Нарын облустук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын жетекчисине кылмыш иши козголду

Нарын облустук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 30-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы таратты.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Нарын шаарынын мэринин токтомунун негизинде 3 сотых жер тилкеси К.К. аттуу жаранга жеңил конструкциялуу курулуш үчүн берилген. Бирок Нарын облустук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Р.Э. Жер кодексин бузуу менен К.К. аттуу жаранга жогорудагы жер тилкеге капиталдык курулуш жүргүзүүгө уруксат берген.

Жыйынтыгында ал жерге курулуш объектиси тургузулуп, Экологиялык-техникалык инспекциянын буйругунун негизинде колдонууга берилген.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан