Кемин районунда сууга агып кеткен 2 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүн, 1-июлга карата берген маалыматында айтылат.
Маалыматка караганда, 29-июнь күнү саат 20:30 чамасында Чүй дарыясына 2014-жылы туулган баланын агып кеткени маалымдалган. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу барып издөө иштерин жүргүзгөн. Анын натыйжасында баланын жансыз денесин суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.