Бүбүмариям Муса кызынын “Айкөл Манас” китеби "экстремисттик" деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда SUPER.KG порталына Жумгал райондук сотунан билдиришти.
“Бизге Башкы прокуратурадан доо арыз келип түшкөн. Анын негизинде иш каралып, сот отуруму 15-июнда болду. Анда Муса кызы Бүбүмариямдын өкүлү китептин экстремисттик эмес экенин далилдеген фактыларды келтире алган жок. Ал эми ИИМдин, УКМКнын өкүлдөрү жана эксперттер китептин экстремисттик экенин айтышты. Мындан улам жогорудагыдай чечим чыгарылды”, - деди Жумгал райондук сотунун өкүлү.
Айта кетсек, 2015-жылдын 4-мартында активисттер Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшүп, президенттен Бүбүмариям Муса кызынын 10 томдук “Айкөл Манас” китебин жокко чыгарууну суранышкан. Ошондой эле алар китепте Манас эпосу бурмаланып, порнография аралашып кеткенин кошумчалашкан эле.