Ысык-Ата районунда 25 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган жигит кармалды. Бул тууралуу маалыматы бүгүн, 1-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Чүй ОИИББинин маалыматында: “25 жаштагы кыз милиция кызматкерлерине кайрылып, белгисиз адам чак түштө күч колдонуп зордуктоого аракет кылганын айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары Чүй районунун 22 жаштагы К.Д. аттуу тургуну кармалган”, - деп айтылат.