Дордой жаңы конушунда 1 жашар кызды сүзүп алган жаран: "Куурчак болсо керек деп ойлогом"

Дордой жаңы конушунда 1 жашар кызды сүзүп, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Жол-патрулдук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 3-июль күнү саат 17:00 чамасында болгон. Анда 29 жаштагы айдоочу унаасын артка айдап жатып 1 жашар кызды сүзүп алган. Бирок айдоочу биринчи жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Ал эми айдоочу ошол эле күнү кармалган. Көрсөтмөсүндө “бир нерсени сүзүп алгандай болгом, куурчак болсо керек деп кетип калгам” деп айткан.

Учурда жогорудагы факт боюнча тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Urmat-1989.
2016-07-04 16:11:33
козун козбу ыя ?же...
+3
Sezim.A
2016-07-04 16:15:35
Наристени Жараткан оз мээримине алган болсун!!!
+4
Rakyl12
2016-07-04 16:15:41
жаздыктын тешигиби...
+2
Alibek-0001
2016-07-04 16:57:10
Корбогон козуну чукуп алыш кк экен.
+3
Nurkyz1977
2016-07-04 17:14:13
Куурчакты машинанын аркасына байлап коюуптурбу, андан коро чынын айтпайбы качып кеттим деп козу начар коробу кичине наристенин убалы уктатпайт чындап козун кор болбосо эле болду бала менен куурчактын айырмасын билбей калган анткор десе.
+3
kofesmolokom
2016-07-04 17:23:53
Кырсык - каш кабактын ортосунда!
Айдоочу дагы атайын тебелебейт, бирок алды артын караса болмок, Энесинин козу каякта калыптыр?! Ботом, 1 жаштагы наристени кароосуз дагы калтырабы?! Энесинин шалаакылыгынан болуп жатпайбы.
+7
Nurkyz1977
2016-07-04 18:29:48
kofesmolokom,ошо кырсык каш кабактын ортосунда апасы жанында болсо деле ушул окуя болмок короор кун буткон сон куучак экен дегем деп анткорлонуп кетип калгандыгында.
+4
Rifle_S
2016-07-04 17:26:37
1 жашар кыз көчөдө эмне кылып жүрөт ?
Апасы каякта ?
+4
toromyrza-92
2016-07-05 11:46:45
Rifle_S,чон энеси туалетке кирип чыкыча кыз кочого чыгып кеткен бурулуп атып сузуп качып кеткен айдочу.
0
tynara81
2016-07-05 19:51:29
toromyrza-92,кароосуз калтырып туалетке кирип кетеби..
0
kofesmolokom
2016-07-04 17:43:02
Бир жаштагы кызды эмес, 1 класска барган кызымын колунан кармап, жолдон отчумун.
+1
Ertuugan
2016-07-04 18:15:59
nege olum jazasy jok kyrgyzstanda?tvxvndvroketkileqlchi,men kytailyk kyrgyzmyn,superdi kachan karasam ele kattoo chyrgalangy bolup jabyr tartkandar bolot
0
sgushenka
2016-07-05 00:36:05
Сузуп алып наристенин омурун алганын бир. Качканын эки. Эми мынтип кыжырды кайнаткан созу учун не деш керек эми?
+1
Mers124
2016-07-05 10:54:44
Сабыр кылалы, баарыбыз эле рулдабыз. Арта айдап баратканда жакшы көрүнбөйт. Бир жаштагы бала машинанын артында жүрөт деп эч ким деле ойлобойт.
+1
toromyrza-92
2016-07-05 11:48:53
Mers124,кыз машинанын артында болгон эмес жолдун чекесинде уч торт жаштагы бала менен ойноп атканда машина келип сузгон кыз кача албай каза тапты
0
step_by_step
2016-07-05 14:38:17
naristenin apasynda anan aidoochuda kyskasy iwtebegen myizamda Dagy aityp bar
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан