Бишкекте лотерея ойнотулуучу жайдан кассирди коркутуп акча алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 3-июлдан 4-июлга караган түнү Чүй кең көчөсүндө жайгашкан лотерея ойнотулуучу жайда болгон. Анда белгисиз бет капчан жаран кассирди коркутуп 32 миң сом алып кеткен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Келечек жаңы конушунун 25 жаштагы Т.А. аттуу тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.