Бүгүн, 12-июлда Жогорку Сот Азимжан Аскаровдун иши боюнча чечим чыгарат.
Кечээ Аскаровдун соту болгон. Анда соттук коллегия жаңы жагдайлар боюнча ишти карап, жабырлануучу тарапты күткөн. Бирок жабырлануучу тараптын келбегенине байланыштуу сот отуруму бүгүнкүгө жылдырылган. Сотто 2010-жылдын Июнь окуясына күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун укугун Нурбек Токтакунов жана Валерьян Вахидов коргоодо. Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова жактоочулардын өтүнүчү менен коомдук жактоочу катары сот процессине катышууга мүмкүнчүлүк алды. Ал эми Азимжан Аскаровду сот залына алып келүү маселеси ачык калтырылды.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Жогорку Сот болсо Азимжан Аскаров арыз жазса, жаңы жагдайлар боюнча иш кайра караларын билдирген.