Кыргызстан Криштиану Роналдуну тандайт: Футбол жаатында жылдын мыктыларына добуш берүүнүн жыйынтыгы

Ушул тапта ФИФАга мүчө өлкөлөрдө футбол жаатында өтүп бараткан жылдын мыктыларына добуш берүү жүрүп жатат. Аталган уюмга мүчө болгон 207 өлкөнүн ичинде Кыргызстан да жылдын мыктыларын тандоо укугуна ээ. Эрежеге ылайык, 29-ноябрга чейин эркектер жана кыз-келиндер арасында улуттук курама командалардын башкы машыктыруучулары менен капитандары мыктыларга добуш беришет. Ошонун негизинде мыкты үчилтик иргелип, жеңүүчүнү ФИФАнын адистери 2013-жылдын 7-январында өтүүчү майрамдык кечеде жарыялайт. КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков 2012-жылдын мыкты машыктыруучусу деп португалиялык Жозе Моуриньюну тапты. Ал эми улуттук курама команданын капитаны, “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2009-жылдын мыкты спортчусу” Азамат Байматов “Мыкты футболчу” деген сурамжылоодо 1-орунду португалиялык Криштиану Роналдуга ыйгарыптыр. Добуш берүү боюнча толук маалыматты төмөнкү тизмеден көрүп алсаңыздар болот: 
Сергей Дворянков (КРнын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу): 
 “Мыкты машыктыруучу”: 1. Жозе Моуринью (Португалия), 2. Хосе Гвардиола (Испания), 3. Роберто Ди Маттео (Италия)
“Мыкты футболчу”: 1. Криштиану Роналду (Португалия), 2. Лионель Месси (Аргентина), 3. Андрес Иньеста (Испания)  
Азамат Байматов (КРнын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны): 
"Мыкты машыктыруучу": 1. Жозе Моуринью (Португалия), 2. Висенте Дель Боске (Испания), 3. Роберто Ди Маттео (Италия)  
 "Мыкты футболчу": 1. Криштиану Роналду (Португалия), 2. Лионель Месси (Аргентина), 3. Икер Касильяс (Испания) 
Гүлбара Умөталиева (КРнын кыз-келиндер арасында футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу)
"Мыкты футболчу айым": 1. Сава Хомаре (Япония), 2. Камиль Абили (Франция), 3. Кристин Синклер (Канада). 
"Мыкты машыктыруучу айым": 1. Норио Сасаки (Япония), 2. Бруно Бини (Франция), 3. Хоп Пауэлл (Англия). 
Светлана Покачалова (КРнын кыз-келиндер арасында футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны) 
"Мыкты футболчу айым": 1. Сава Хомаре (Япония), 2. Алекс Морган (АКШ), 3. Марта (Бразилия). 
"Мыкты машыктыруучу айым": 1. Норио Сасаки (Япония), 2. Сильвия Нейд (Германия), 3. Жон Хердман (Англия). 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан