ЖКнын Социалдык комитети медициналык окуу жайларды Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өткөрүүнү демилгелөөдө

ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитети бүгүн өткөн кезектеги жыйынында республикадагы алыскы райондорду медициналык кадрлар менен камсыз кылуу маселелерин чечүү боюнча маселени карады. Талкуу учурунда комитеттин төрайымы Дамира Ниязалиева медициналык кадрларды даярдай турган орто окуу жайларынан тартып, тиешелүү жогорку окуу жайларындагы факультеттер, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына чейин Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилгени туура деген пикирин айтты. Бул демилгени Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү да колдоп, каршы эместигин билдирди.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан