Өзгөн районунда каналга түшүп кеткен 3 жаштагы баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 7-август күнү саат 21:15 чамасында аталган райондун Дөң-Булак айыл аймагында болгон. Анда 2013-жылы туулган И. у. А. ойноп жүрүп үйүнүн алдынан агып өтүүчү Шайбек каналына түшүп кеткен.
"10-август күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №53-ӨКБнын куткаруучулары баланын туугандары менен биргеликте издөө иштерин улантышып, саат 12:15 чамасында анын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.