Иранда өлкөнүн ядролук объекттери катуу жабыркаганы расмий түрдө тастыкталды. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи Al Jazeera телеканалына билдирди..
Анын айтымында, Ирандын ядролук объекттери АКШ менен Израилдин соккуларынан кийин олуттуу зыянга учураган.
«Ооба, биздин ядролук объекттер катуу жабыркады. Бул так маалымат, анткени алар бир нече жолу сокку урулду. Бул боюнча кошумча айта турган сөзүм жок, анткени бул техникалык маселе», — деди Багаи.
Ал Ирандын Атом энергиясы боюнча уюму жана башка тиешелүү мекемелер бул маселени иликтеп, тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Ал эми объекттер канчалык деңгээлде бузулганын жана аларды калыбына келтирүүгө боло турганы боюнча Багаи маалымат берген жок.
Эске салсак, бүгүн, 25-июнда НАТО саммитинин алкагында берген маегинде АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Politico басылмасына билдирүү жасап, Ирандын Исфахан шаарындагы ядролук объектинин толугу менен жок кылынганын айткан.