Орусияда “4 жаштагы кызын муунтуп өлтүргөн” деп айыпталган Кыргыз Республикасынын жараны 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта орусиялык маалымат каражаттары жазышууда.
Окуя 2014-жылдын 20-декабрында Красноярск шаарында болгон. Анда апасы 4 жаштагы кызын сабап, андан соң муунтуп өлтүргөн. Бул кылмышка шектүү катары 27 жаштагы кыздын апасы кармалып, камакка алынган. Биринчи инстанциядагы сот 2015-жылдын апрель айында кармалган жаранды күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыратылган. Кылмышкер абакта эркек бала төрөгөн. Мындан улам анын жактоочусу жазаны кыскартып, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен экинчи инстанциядагы сотко кайрылган. Экинчи инстанциядагы сот өтүнүчтү канааттандырган эмес, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.