Ошто таштанды таштоочу жерге жаңы төрөлгөн баласын таштап кеткен эне изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 10-август күнү саат 14:00 чамасында катталган. Анда Ош шаарынын Байтемиров көчөсүндөгү окуу жайлардын биринин тушунда жайгашкан таштанды таштоочу жайдан ак түстөгү материалга оролгон ымыркайдын жансыз денеси табылган. Ымыркайдын айына жетпей төрөлгөнү аныкталды. Учурда “күкүк эне” милиция кызматкерлери тарабынан изделүүдө.