Алматыдагы атышууда жарадар болгон дагы бир полиция кызматкери ооруканадан каза тапты

Алматыдагы атышууда жарадар болгон дагы бир полиция кызматкери ооруканадан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 18-июль күнү атышууда бир нече ок тийген 1992-жылы туулган полициянын сержанты Жалгас Келдибаевдин абалы оор болгон. "Дарыгерлер акырына чейин анын жашоосу үчүн күрөштү. Ал бүгүн, 11-августта таңга маал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болду", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин бир нече ок тийип, оор абалда ооруканада жаткан 30 жаштагы полициянын лейтенанты Тимур Бегасилов да каза болгон.

Эскерте кетсек, 18-июлда Алматы шаарында бир нече сааттык атышуу болуп, анда 5 адам каза тапкан, анын үчөө полиция кызматкери болгон. Өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев аталган окуяны террордук акт деп жарыялады. Өлкө башчы Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтып, аларга психологиялык жана материалдык жардам көргөзүлүшү керектигин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alaibekovich
2016-08-11 12:04:07
Жаш бала экен жубайы болсо сабыр берсин... Мекени учун жан берди. Аскерде берген АНТТЫ аткарыптыр... Эми Бейиштик болсун деп умут кылабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан