Кытай. Жумуш таба албаганына ачууланган аял шаар ичиндеги 22 банкоматты талкалап салды

Кытайдын Сяньян шаарынын 37 жаштагы тургуну жумуш таба албаганына ачууланып шаардагы 22 банкоматты талкалап салды. Аты айтылбаган аялдын фамилиясы - Ли. Ал банкоматтарды талкалоодо кыш жана жоон жыгач колдонгону маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта чет элдик басылмалар кабарлайт.

Камерага аялдын банкоматка жакын келип, аны бир нече секундада талкалап, андан соң кылмыш жасаган жерден изин суутканы түшүп калган. Арадан көп өтпөй анын өздүгү такталып, ал колго түшүрүлгөн. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, аял күйөөсү менен ажырашып кеткен. Жумуш табууга болгон аракети текке кетип, ал жумушка орношо алган эмес.

Полиция кызматкерлеринин "Эмне себептен бул кадамга бардыңыз?" деген суроосуна "Менде бир да тыйын жок. Көчөдө тилемчилик кылып жан багам. Дагы эмне кылышым керек? Ата-энем каза болуп калган" деген жооп узаткан. Линин банк жетекчилигине келтирген жалпы зыяны 550 миң юанды (87 миңден ашуун доллар) түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
beka1207
2016-08-11 16:07:36
22банкоматты талкалагыча полиция кызматкерлери эшек такалап журду бекен деймда
+3
Aman-moskva
2016-08-11 16:12:18
Кача жыл берер экен эми
0
Nurdoolot1996
2016-08-11 16:33:20
Шылтоосу даярго
0
uz.nookat
2016-08-11 16:40:55
Өлүм берсе керек
0
Artyr1994
2016-08-11 21:09:07
Кыргыздар биз сабырдуу экен биз э калктын 80% ишсиз деле эч зыяны жок журобуз гл
+2
takowa_tyratbekovna94
2016-08-12 05:07:22
Artyr1994,ооба
эн кембагал Адам бул жалкоо Адам.биз ушунчалык сабырдуу калк экенбиз кудайыма шугур
0
takowa_tyratbekovna94
2016-08-12 05:13:34
Алар бир адамга жумуш табып бере албаганына ошенишсе биз дагы деле чондордон умут кылып журобуз иштейин десен завод фабрикалар жок болсо да жабык иштебей турат канча студентер журобуз диплом бар Иш жок айласыздан атан коруу деп кол шилтеп чет жакта оор жумушта иштейсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан