Бишкекте "мас абалында үйгө кирип, жарандын уюлдук телефонун тартып алган" деген шек менен шаар тургуну кармалды

Бишкекте "мас абалында үйгө кирип, жарандын уюлдук телефонун тартып алган" деген шек менен 24 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-август күнү арыз менен Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына 23 жаштагы Т.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда саат 03:00 чамасында Э. аттуу жаран мас абалында үйүнө кирип, 5 миң сомдук уюлдук телефонун алып койгонун билдирген. Бул факт боюнча "тоноочулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Т.Э. аттуу жаран кармалган. Учурда бул иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bakulya2015
2016-08-11 16:04:17
Ушу спирттик ичимдиктерге тыю салып,штаф салып коюп анан каттуу текшеришип жок кылса жакшы болмок пайдасы деле жокго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан