Өлкөдөгү айрым маалымат булактары укук коргоо органдары өздүк булактарына таянып, Ошто дайынсыз делген кытайлык жаран өз өлкөсүндө камакта экенин жазышууда. Анда Кытайдын жараны экстремизм боюнча шектелип милиция жана улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалып, Кытай Эл Республикасына өткөрүлүп берилгени айтылат.
Бул боюнча Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда, жогорудагы маалыматты тастыктаган жок. Бирок маалымат текшерилип жатканын билдиришти.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-июнь күнү Ош шаарынын тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, жанындагы шериги, 1974-жылы туулган А.А. аттуу Кытайдын жараны дайынсыз жоголгонун айткан. Бул кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери, 1981-жылы туулган А.Б. кармалган.