Бүбүмариям Муса кызынын “Айкөл Манас” китеби боюнча чыккан райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылды

Нарын облустук соту дагы Бүбүмариям Муса кызынын “Айкөл Манас” китебин “экстремисттик” деп тапты. Бул тууралуу Нарын облустук сотунан билдиришти.

Жоопкер тараптын апелляциялык тартиптеги даттануусун 10-август күнү Нарын облустук сотунда каралган. Анда Жумгал райондук сотунун чечими өзгөртүүсүз калтырылды. Нааразы тарап Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна даттанууга укуктуу.

Айта кетсек, Бүбүмариям Муса кызынын “Айкөл Манас” китеби Жумгал райондук сотунун 15-июндагы чечими менен “экстремисттик” деп табылган. Ага чейин активисттер Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшүп, президенттен Бүбүмариям Муса кызынын 10 томдук “Айкөл Манас” китебин жокко чыгарууну суранышкан. Ошондой эле алар китепте "Манас" эпосу бурмаланып, порнография аралашып кеткенин кошумчалашкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidai5555
2016-08-12 10:17:23
Кой терисин жамынгандар, өздөн чыккан жаттар дечу беле мындайларды... Кыргызга кыянаттык кылуу, керек болсо чыккынчылык десе да болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан