Кечээ, 11-августта Казакстандагы Актөбө шаарынын соту интернеттеги социалдык тармактарда терроризмге үгүттөгөн 3 адамды темир тор артына жөнөттү. Бул тууралуу "Интерфакс-Казакстан" жазып чыкты.
"Соттун чечими менен Шалкар районунун 3 тургуну 256-берененин 2-бөлүгү (ММКлар аркылуу терроризмди үгүттөө жана коомду терроризм актысын ишке ашырууга чакырык) боюнча күнөөлүү деп табылды. Торебай Мажитов жана Еркожа Амангожин 8 жылга эркинен ажыратылышса, Мейрамбек Турганбаев 6,5 жылга кесилди. Андан тышкары соттолгондордун мүлктөрү конфискацияланды", - деп жазган басылма.
Иликтөө иштеринде Торебай Мажитов Абухолид Абдумаджид ысымы менен социалдык тармакта баракча ачып, тааныштарына диний темалардагы тексттерди жиберип, азаптуу өлүмгө чакырык кылганы белгилүү болгон. Андан соң Еркожа Амангожин жана Мейрамбек Турганбаев менен биргеликте WhatsАpp тиркемеси аркылуу чакырыктарын улантышкан.