Бүгүн эртең менен Таиланддын Пхукет аралында, Сурат Тхани жана Хуахин деген курорттук шаарларында 6 жолу жардыруу орун алды. "Тхаи Рат" басылмасынын маалыматына таянсак, жардыруу жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө өлкө желеги асманга көтөрүлгөн учурда орун алган. Андан 1 адам каза тапса, 5тен ашык адам жаракат алган. Ошондой эле кечинде да Хуахин шаарында эки жардыруу катталып, 2 адам каза таап, 23 адам жаракат алган. Алардын арасында чет өлкөлүк жарандар да бар.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жаракат алгандардын арасында Кыргыз өлкөсүнүн жарандары бар же жок экенин тактап жатканын маалымдады.
Эскерте кетсек, бүгүн Таиландда Энелердин улуттук майрамы белгиленмек.