Бишкекте өлкө башчыны "адамдар менен сүйлөшкөндү билбейт, ал чүпүрөк" деп, милиция кызматкерлерин да кемсинткен жаран камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
"Кечээ интернетте белгисиз жаран улгайган аялды коркутуп, сөгүп, андан сырткары өлкө башчыны жана милиция кызматкерлерин кемсинткен видео тараган. Ошол эле күнү милицияга арыз менен 66 жаштагы К.С. аттуу аял кайрылган. Анда ал Расул аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 43 жаштагы Сокулук районунун Расул Алимов аттуу тургуну кармалган. Ага карата "бейбаштык" беренесинин 2-бөлүгү (жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыпты же алсыз абалда болгон адамды мазактоо менен коштолгондо) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, кечээ интернетте белгисиз жаран орус улутундагы аял менен кайым айтышып, "үйдү бошоткула" деп айтып жаткандыгы тууралуу видео тараган. Улгайган аялга кыйкырынып сүйлөгөн жаран өлкө башчыны "чүпүрөк" деп кемсинтип, ошондой эле милиция кызматкерлери жөнүндө да терс пикирин айткан.