Франциянын түштүгүндөгү өрттөн улам айрым унаа жолдору жабылып, аэропорттогу каттамдар токтотулду (фото)

Франциянын түштүгүндөгү өрттөн улам айрым унаа жолдору жабылып, аэропорттогу каттамдар токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Тилсиз жоо 10-августта башталган. Аз убакыт ичинде 3 миң гектардан ашуун жер күйүп кетти. Өрттүн токтобой жатышына шамал жана кургакчылык себеп болууда. Учурда өрттү өчүрүү үчүн 2 миңге жакын өрт өчүрүүчү, 500 атайын техника жана учактар иштеп жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрттүн кесепетинен 7 адам жабыркаган, алардын үчөөсүнүн абалы оор экени айтылууда.

Жергиликтүү Өрткө каршы жана куткаруу кызматынын башчысы Ришар Майе: “Өрттүн ылдамдыгы саатына 2,5 чакырымды түзүүдө. Мындай өрт мурда болгон эмес. Айрым аймактарда жүздөгөн адамдар эвакуацияланышты. Бир катар турак үйлөр, өндүрүш имараттары күйүп кетти”, - деди.

Ал эми өлкөнүн ички иштер министри Бернар Казнев: “Бул окуяга шектелип бир адам кармалды. Азырынча аны өрттүн келип чыгышына себепкер деп айта албайбыз. Тергөө иштери жүрүп жатат”, - деп билдирди.

Ушундай эле абал Португалиянын Мадейра аралында да болууда. Өткөн жумада башталган өрт 3 адамдын өмүрүн алды. Ошондой эле бир канча адам жабыркап, ооруканага жаткырылган. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө.

Франциядагы өрт Марсель шаарына жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TAYNAYA
2016-08-12 12:09:35
Атайын куйгузушконбу ? же аба ырайынын ысыктыгынанбы ? тушунбодум.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан