Таласта “классташын өлтүргөн” деп шектелген эки мектеп окуучусу үй камагына чыгарылды

Таласта “классташын өлтүргөн” деп шектелген эки мектеп окуучусу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Талас облустук сотунан билдиришти.

Буга чейин, тактап айтканда, 21-июль күнү Талас райондук соту 9-класстын окуучусу Б.Кутман менен К.Айбекти Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында 26-августка чейин камап туруу чечимин чыгарган. Буга макул болбогон айыпкер тарап Талас облустук сотуна кайрылышкан. Облустук сот райондук соттун чечимин жокко чыгарып, кылмышка шектүүлөрдү 21-августка чейин үй камагына чыгарды.

Айта кетсек, окуя үстүбүздөгү жылдын 25-майында Талас районунда болгон. Анда каза тапкан мектеп окуучусунун классташтары аны токойго ээрчитип барышып, “Эмне үчүн экскурсияга акчадан жардам бербейсиң?” деп сабашкан. Эс-учун жоготкондон кийин аны үйүнүн жанындагы жыгач тактага жөлөп качып кетишкен. Анын кесепетинен ур-токмокко кабылган окуучу каза тапкан. Бул кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Б.Кутман жана К.Айбек кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
saparu
2016-08-12 13:39:30
Акыркы кундору туура эмес чечимдерди чыгара баштадыго соттор,адам олтуруптурго камаш керек 6-7 жылга
+7
Palan4a
2016-08-12 13:45:23
Мына сагаа?! Бир козуну урдаган учун "5 жыл" адам олтургону учун "уй камак" (кокустук болсо дагы!)..
Соз жок!
+10
mars-el
2016-08-12 14:20:10
Шумдук
0
mikoo
2016-08-12 14:30:15
Козу менен адамдын айырмасын билишпейби соттогулар,озу эмне эле болуп жатат ХХХ ХХХ ХХХ Атамбаев болсо бир мамлекет мн норм отношениясы жок,соттогулар болсо козу мн адамдын айырмасын билишпейт бесит..
+2
admin_portal
2016-08-12 16:04:31
mikoo, провокация жарата турган билдирүүлөрдөн алыс болууну сунуштайбыз!
-1
gulmira12345
2016-08-12 15:18:37
акча акча жана акча ооздорун жапты да
+2
sanzhar83
2016-08-12 15:52:53
Тилеке каршы мындай мектеп окуучулары жасаган кылмыштар коп болуп жатат анан дагы аларды жазага тартпастан чыгарып жиберип жатышат, мындай корунуш абдан кийинки осуп келе жаткан муундрга таасири чон, анткени олтурсо да жаза албайсын, деген тушунук пайда болот да ошондой кылмыштарга барышат. орусча айтканда "дурной пример заразителен" деп коет. жок деген де эл козуно камады кылып анан шашпай ле чыгарса болмок. Бул кылмышкерлер эми тескерисинче классташтар арасында авторитетке ээ болушту
+5
gul.1995
2016-08-12 16:25:08
Мына сага, коляска уурдаган беш камалса, адам олтургон беш ай да камалбаптыр. Адилеттулук барбы озу? Шордуу олгон баланын ата энеси кан жутуп кала бериптир да.Бечера колунда жок экен да, сотторго акча бералбаптыр
+2
Take_men
2016-08-12 16:45:31
Уй камагына андан ары боштондукка...бул биздин адилеттуу соттун чечими
+2
saparu
2016-08-12 21:10:30
Sanzhar83 туура айттыныз,менин ойумча тиги шектуулордун жакындары сотто иштейтко.
0
Nurkyz1977
2016-08-13 00:03:50
Эжекеге эмне картошка тигип жардам бересин деп урушкан деп маалымат берилди эле го эми аны да озгортуп коюушуптур да,тан каласын ар кандай вариантка которуп эмне болуп кетишер экен. Адилет чечим чыгат деп ишенели.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан