Таш-Көмүр шаарында "жалгыз бой келинди күч колдонуп зордуктоого аракеттенген" деген шек менен кошунасы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, "7-август күнү таңкы саат 4:00 чамасында белгисиз жаран зордуктоого аракет жасады" деген арыз менен 23 жаштагы жалгыз бой келин кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, белгисиз жаран мас абалында терезеден ашып түшүп, күч колдонуу менен кийимдерин жыртып, муунтуп, колун кайрып, зордуктоого аракет жасаган.
Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин алкагында үй-бүлөлүү, мурда бир нече жолу соттолгон Таш-Көмүр шаарынын 27 жаштагы Л.А. аттуу тургуну кармалган. Таш-Көмүр шаардык соту тарабынан токтом чыгып, кармалган жаран 1 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда кылмыш ишине шектелип кармалган жарандан кошумча жабыркагандар аныкталууда.