Бишкекте тоноочулукка шектелип 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 11-августта саат 05:00 чамасында Көлбаев-Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күч колдонуу менен уюлдук телефонун жана 5300 сом акчасын алып койгонун билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы М.У. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда ал камакка алынып, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.