Борбор калаада "алдамчылык жолу менен жарандын унаасын тартып алган" деген шек менен шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 33 жаштагы К.А. кайрылган. Анда ал 2015-жылдын 18-сентябрь күнү Э. аттуу жаран анын ишенимине кирип, Mercedes-Benz A 160 үлгүсүндөгү унаасын алган бойдон изин жашырып кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Б.Э. кармалган. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.