12-августка караган түнү Москванын Рязанский кең көчөсүндө катталган 2 адамдын өлүмүнө шектүүлөр изделүүдө. Белгисиз адамдар дүкөндүн сатуучусун жана кардарын өлтүрүп кетишкен. Каза тапкандардын бири армян улутунда, бири кыргыз улутунда экенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Алардан тышкары кол салуу учурунда каршылык көрсөткөн бир адам жаракат алган. 3 адам сыра саткан дүкөнгө кирип, дүкөн ээси 69 жаштагы Лев Камалян менен урушуп кетишкен. Аны ошол жерден бычак менен жүрөк тушка сайышкан. Армениядан келген жаран ошол жерден каза тапкан.
Ал эми кыргыз улутундагы 36 жаштагы Атабек Мундузов да алардын чабуулуна кабылып, бычактан алган жараатынан көз жумган. Орусиялык басылмалар бул иш улутчулдардын колунан келген болушу мүмкүн экенин белгилешет.
Болгон окуя камерага тартылып калган. Учурда кылмышкерлерге издөө жарыяланды.