Ошто Жол-патрулдук милициясынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз тапанча алып жүргөн тургун кармалып, тапанчасы алынды

Ош облусунда Жол-патрулдук милициясынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз тапанча алып жүргөн тургун кармалып, тапанчасы алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Ош ОИИБинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районундагы рейд учурунда Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшере келгенде 29 жаштагы жергиликтүү тургундун жанынан документи жок тапанча табылган. Анын үлгүсү жана серия номери да жок болуп чыкты.

Курал ээси милиция бөлүмүнө жеткирилип, курал экспертизага жөнөтүлдү. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shef87
2016-08-13 14:05:13
тапанчасы алынды дебей камабайбы ушундайларды кайдагы бейбечаралардын канын сорбой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан