Кемин районунда айдоочу рулду башкара албай жарнама тактасын сүзүп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 14-августта саат 23:05 чамасында Чым-Коргон айылында орун алган. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жарнама тактасын сүзүп, натыйжада 2 адам жаракат алган. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №5-ӨКБнын куткаруучулары барып, жабыркагандарды “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.