Москвада кыргыз жаранын өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

"Москванын Рязанский кең көчөсүндө 12-августка караган түнү 2 адамды өлтүргөн жана 1 адамды жарадар кылган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Кылмышка шектүү катары Иван Скоркин аттуу жаран кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү 2005-жылы жана 2008-жылы "каракчылык" беренеси боюнча жоопко тартылган.

Эске салсак, окуя катталган түнү белгисиз адамдардан турган топ дүкөндүн сатуучусун жана кардарын өлтүрүп кеткен. Алардан тышкары кол салуу учурунда каршылык көрсөткөн бир адам жаракат алган. 3 адам сыра саткан дүкөнгө кирип, дүкөн ээси 69 жаштагы Лев Камалян менен урушуп кетишкен. Аны ошол жерден бычак менен жүрөк тушка сайып, ал каза болуп калган. Ал эми 36 жаштагы Атабек Мундузов аттуу кыргыз жараны алардын чабуулуна кабылып, бычактан алган жараатынан каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
eduardali
2016-08-15 09:08:57
ХХХ ХХХ ХХХ. Кармалып жакшы болуптур
0
admin_portal
2016-08-15 15:14:41
eduardali, этика нормаларын сактаңыз!
0
orun
2016-08-15 10:01:48
Орусияда кылмышкердин аты жонун ММК ларда ушинтип ачык эле айтып жазып чыгышат. А суперде дайыма жашырышат. Мисалы, П. А аттуу жаран К.С менен биргеликте Р аттуу жаранды олтуруп же тоноп кетишти. А. С менен К. Р Д ны зордукташкан деп.(((
+8
bom.bon
2016-08-15 11:23:00
orun,кобуроок акча берсе качырганга оной дейишпейтда
0
chinara88
2016-08-15 13:30:47
Ии жаман болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан