Ала-Бука районунда катуу жааган жаандан улам эки айылды байланыштырып турган ички чарбалык жолду сел жууп, жараксыз абалга келтирди. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-августта саат 19:00 -19:30 чамасында мөндүр аралаш катуу жаандан улам Көк-Таш айыл аймагы менен Ичке-Суу айылын байланыштырып турган ички чарбалык жолдун 7-9-чакырымында жолду сел жууп, жараксыз абалга келтирди. Натыйжада унаалардын жол каттамы үзгүлтүккө учураган. Ошондой эле Ичке-Суу айылында 6 турак жайдын короосуна, 1 турак жайдын жер төлөсүнө сел суулары кирген. Учурда Жарандык коргоо комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат.