Аламүдүн районунда сууга агып кеткен 2 жаранды издөө иштери улантылууда

Аламүдүн районунда сууга агып кеткен 2 жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-июлда Ала-Арча капчыгайындагы сууга агып кеткен Алай районунун 1981-жылы туулган А.З. аттуу тургуну жана 1976-жылы туулган К.М. аттуу шаар тургунун издөө иштери улантылууда. Белгилүү болгондой, кечээ, 14-августта ӨКМнын №1-ӨКБнын 7 куткаруучусу жана Бишкек шаарынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары аталган жарандарды издөө иштерин улантышкан. Бирок издөө иштери натыйжа берген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан