Филиппиндеги суу ташкынынан 70 миңдей адам эвакуацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Суу ташкынынын келип чыгуусуна тынымсыз жааган жамгыр себеп болгон. Мындан улам суунун деңгээли көтөрүлүп, калк жашаган аймактарды каптаган. Жалпы өлкө боюнча 70 миңден ашык адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Алардын 9 миңге жакыны Манила шаарынын тургундары. Акыркы маалыматтарга караганда, суу ташкынынан 5 адам каза тапты.
Табигый кырсыктын кесепетинен айрым мектептер жабылып, аэропорттогу каттамдар токтотулган.