“Каркыра унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында кыргыз жараны ок-дарылар менен кармалды

“Каркыра унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында кыргыз жараны ок-дарылар менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргыз жараны 13-август күнү чек арачылар тарабынан кармалган. Анын унаасын кароо учурунда 7,62 калибрлүү 10 даана жана 5,6 калибрлүү 59 даана ок-дары табылган. Ал Кыргыз Республикасынан коңшу Казакстанга бара жаткан.

Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aygir
2016-08-15 12:47:19
Каркыра биздики болчу эх чиркин ХХХ айынан ХХХ өтүп кетти
0
admin_portal
2016-08-15 14:57:38
Aygir, этика нормаларын сактаңыз!
0
erikkarakulja
2016-08-16 01:33:25
Этиканы карабай биздин чондор каркыраны сатып жиберишкен. Эми ошого ачууланып жатата
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан