Борбор калаада каракчылык фактысына шектелип 4 жаран кармалды

Борбор калаада каракчылык фактысына шектелип 4 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 21 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал 10-август түнү саат 00:00 чамасында Павлов көчөсүндө жайгашкан үйүнө белгисиз жарандар кирип, бычак менен коркутуп 2 уюлдук телефонун алып кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 18 жаштагы А.К. жана И.А., 19 жаштагы И.Ш., 20 жаштагы К.Э. аттуу жарандар кармалган. Учурда алар камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан