Оштогу №12-мектептин жетекчилигине кылмыш иши козголду

Оштогу №12-мектептин жетекчилигине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мектептин жетекчилиги 2008-жылдан бери иштебеген эки адамдын атына айлык жазып, бирок ал акчаларды өздөрү алып турушкан. Тактап айтсак, ушул убакка чейин 654 327 сом акча каражатын алышкан. Учурда №12-мектептин жетекчилигине жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын айрым кызматкерлерине “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иш Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
89elnura89
2016-08-15 16:51:02
Мугалим болбой кал уят
0
alaibekovich
2016-08-15 18:20:11
8 жыл жептир 8минутта сыгып алышат эми... Арам акча синбейт деген чын да
+1
Aldyiar
2016-08-15 19:30:33
Ошондо кайсы мектеп болуп калат,аты жонун жазып койсонор жакшы болот эле № 12 дебей сураныч
0
sgushenka
2016-08-16 01:45:00
Aldyiar, Бул Вспомогательная школа им. Н. Крупской. Бети жоктор, ушундай бешене тер эмес акча жукпайт.
0
nazira...
2016-08-16 10:12:03
Ээ, буга окшогон толтура. эми билип атышыптырбы, ошон учун мектептин завучу менен директорлору кычырап кийинишет да. Окуучулардан топтогон акча да аздык кылышат да. Эми сентябрда башталат Ошто,ар бир балага кеминде баарын кошкондо 1000 сомдой алышат.Биринчи эле баягы атын сатып охранникке дейт,анан уборщица,школьная копилка,классная копилка,день учителя, уялып деле коюшпайт тешип чыккырлар.2-3 баласы барларга жалко,аларды урушат экен простой мектепке же интернатка барып окугула деп кемсинтип.
+2
simone
2016-08-16 17:31:48
Мен жалгыз бой энемин, уч баламды тарбиялап келем. Эки балам мектеп курагында, бир балам бала бакчага барат. Бирок мектептеги чогулткан акчалардан мага женилдиктер берилет, себеби мен ошону талап кылам Жана сураган справкаларын тапшырам.
-1
simone
2016-08-16 17:33:14
Балдарым Ош шаарындагы √3 М. В. Ломоносов мектебинде окушат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан