Башкы прокуратуранын мурдагы кызматкери Анвар Мамытов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Анвар Мамытов УКМК кызматкерлери тарабынан 12-август күнү кармалган. Ал эми 14-августта Октябрь райондук соту аны 2 айга №1-СИЗОго камоо чечимин чыгарган. Учурда ага “пара талап кылуу” жана “ыйгарым укуктарынан аша чабуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, Анвар Мамытов 2016-жылдын май айына чейин Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгында иштеген.