Токмок шаарында “жергиликтүү тургунду тоногон” деп шектелген эки жаран кармалды

Токмок шаарында “жергиликтүү тургунду тоногон” деп шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-август күнү милиция кызматкерлерине 25 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз эки адам күч колдонуп, акчасын жана уюлдук телефонун алып кетишкенин айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын натыйжасында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы М.Т. жана 24 жаштагы Ж.Ч. кармалган. Учурда алар тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан