Баткен шаарында болгон катуу шамал мектептин жана турак үйлөрдүн шиферлерин учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, катуу шамал 15-август күнү саат 19:30 чамасында орун алган. Чет-Булак кварталындагы 6 турак үйдүн 100 даана шиферин жана бир орто мектептин 6 даана шиферин шамал учуруп кеткен. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле шамалдын ылдамдыгы такталып жатат.