Сокулук районунда уурулукка шектелип 35 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-августта милицияга арыз менен 59 жаштагы Новопавловка айылынын К.А. аттуу тургуну кайрылган. Ал 11-август күнү белгисиз жарандар анын үйүнөн 7 миң сомдук араасын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Э.Т. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.