Орусияда "Ислам мамлекети" тобунун 69 мүчөсү кармалды. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары да бар

Орусиянын Свердловск, Тюмень, Челябинск жана Екатеринбург облустарында атайын жүргүзүлгөн операциянын негизинде өткөн жумада "Ислам мамлекети" тобунун мүчөсү делип 69 адам колго түштү. Алардын негизги тобу Екатеринбургда болгонун "Комсомольская правда" гезити Орусиянын укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Кармалган топто Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргыз Республикасынын жарандары бар. Алар терроризмди жайылтып, топко жаңыларды тандап, "Ислам мамлекети" тобун каржылоо үчүн акча чогултуп жатышканы тууралуу айтылат маалыматта. Тинтүү учурунда кармалгандардын жанынан 3 тапанча, 5 граната, экстремизмге тиешелүү адабий жана видеоматериалдар табылган. Айрымдары үйдө отуруп, модераторлук кызмат аткаргандар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Danik
2016-08-16 10:59:09
оохоо эн мынча онукту бул терорлор (*_#)
0
Labadax
2016-08-16 11:04:44
Кыргыз жарандары озбек улутунан да мен билгенден,Кыргызстандын паспортун алып алышып Кыргызстанга соз тийгизишип ушулар жаман куйгузду.
+21
sher.ella
2016-08-16 12:17:12
Кыргызды уят кылып бутуштуго
+7
kubat_73
2016-08-16 15:59:18
sher.ella,кыргызды алар эмес ошолорго паспортторду акчага онго солго саткан чиновник соройлор уят кылып атышат го дейм
+5
Aselina87
2016-08-16 12:25:01
Owon u4un pasportko ulutu degen sozsuz kowuluw kerek.bolboso kaidagy kytai pytai ХХХ tajik jb lar bizdi kyrgyzdardy uyat kylyp atywat
+7
Alixan-Nookat.2015
2016-08-16 12:43:34
Aselina87,Туура айтасын менда колдойм!
+3
admin_portal
2016-08-16 12:51:48
Aselina87, башкалардын улутун кемсинткен билдирүү калтыруудан алыс болууну сунуштайбыз!
-6
Millioner.
2016-08-16 12:46:34
Свердловск Екатеринбург экөөбү бир шаар,ленинград санкт петербург дегендей
+2
chingizhan01
2016-08-16 13:09:22
Свердловск,Челябинск, Тюмень облустарында жана Екатеринбург шаарында деп жазылыш керек.
+1
ERCHOROEV
2016-08-16 19:40:44
Улуту кыргыз озбек деген норманы алып салууга мен да каршымын!Улуту созсуз корсотулуш керек! Ушуга окшогон исламды туура эмес тушунуп басып жургон бир туугандар бизди жебеген самсага акча толотуп жатышат. Тонналап китеп окуган Аалымдарыбыз какшап жатат игил туура эмес адашып атасынар кайткыла десе болбой эндиреп ислам деген жихад деген ушул турбайбы деп басып журушот. Эми эмне болду кана игил кана жихад адамдарга тан калам кыска убактылуу омурлорун куноо менен откорушот тобаа.
+2
begai93
2016-08-17 01:23:10
Уффф ушуларчыыы! Кой банга кетип калбайын дагы жонле койойунчу
0
Belek2070
2016-08-17 19:08:41
Ким экен ошол кыргыз жараны аты жонун толук жазгылачы. Мумкун менин конушум билип алсак жакшыда ээ туугандар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан