Орусияда "мекендештерине жасалма билет саткан" деген шек менен Т.Диана аттуу кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Т.Диана авиабилет сатуучу компания ачкан. Ал билет сатуучу компаниялар менен келишим түзүп, учактардын учуу маалын тактап, эчак колдонулган билеттердин коддорун түшүрүп сатууну жөнгө салган. Кылмышка шектүү кардарларын билет баасын 2-3 миң сомго арзан баада сатуу менен кылтакка илген. Учурда аталган аялдан жабыркаган 15 кыргыз жараны бар экени маалым.
Белгилүү болгондой, окуяны Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги көзөмөлүнө алды.