Ошто жасалма акча колдонгон жаран 8 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечимди Ош шаардык соту 1-июлда чыгарган. Анда кылмышка шектүү Н.Рахманбеков “жасалма акчаларды сактоо жана аларды өткөрүү” беренеси боюнча айыптуу деп табылган. Жаза белгилөөдө анын мурда соттолгону жана андан жыйынтык чыгарбай кайра кылмышка барганы жоопкерчиликти оордотуучу жагдай катары эсептелип, мурдагы өкүм менен өтөлбөй калган жазалары жарым-жартылай кошулуп, 8 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ал эми 10-август күнү аталган иш Ош облустук жазык жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясында каралып, Ош шаардык сотунун
Н.Рахманбеков тууралуу өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды.
Айта кетсек, Н.Рахманбеков үстүбүздөгү жылдын январь айында Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайлардын биринен жасалма 200 долларды алмаштырып качып кеткен. Анын кесепетинен акча алмаштыруучу жайдын ээси 15 миң сом зыян тарткан. Н.Рахманбеков 2015-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан “алдамчылык” боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жылга соттолгон болчу. Ал эми жазасын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №48-мекемесинде өтөп жаткан. Өтөлбөгөн 10 ай 28 күн калган.