ӨКМ: Чолпон-Ата шаарындагы арыктар өз убагында казылган эмес, мындан улам өзгөчө кырдаал катталды

Чолпон-Ата шаарындагы арыктар өз убагында казылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жергиликтүү бийлик тараптан өз убагында арыктар казылган эмес. Ошондой эле айрым жергиликтүү тургундар арыктарды тазалоого уруксат бербей коюшкан. Мындан улам өзгөчө кырдаал катталып жатат”, - деп билдиришти ӨКМдан.

Ошондой эле министрлик Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана Мамлекеттик куткаруучуларды даярдоо борборунан 20 куткаруучу Чолпон-Ата шаарындагы селдин кесепеттерин жоюу үчүн жөнөп кетишкенин билдиришти.

Айта кетсек, бүгүн түшкө маал Чолпон-Ата шаарында катуу жаан жаап, анын натыйжасында сел жүргөн. Сел суулары бир катар турак үй, дүкөн, кафе жана “Рух-Ордо” маданий комплексин каптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nasaat
2016-08-16 16:20:15
Кызыгы , Чолпон атанын берки башына жааган жок ортосуна катуу жаап отту, ылдый жер болгондуктан сел каптап кетти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан