Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн түрк жараны кармалды

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн түрк жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1962-жылы туулган түрк жараны Гүлтекин Лек оглу 13-августта Интерпол жана Чүй ОИИББинин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Кармалган жаран Түркиянын Мерсин шаарында бир катар кылмыштарды кылып, андан соң изин жашырып кеткен. Ал эми 2016-жылы Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Гүлтекин Лек оглу 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүргөн. Учурда ал тергөө абагына 2 айга камакка алынды”, - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
arzuuu
2016-08-16 17:38:04
Админ баягф кыргыз кызына уйлонуп анан баласын уурдап качып кеткен турк жараны тууралуу жазгылачы не болду ал
0
Giza
2016-08-16 19:27:15
Ошол иште мен котормочу болгон элем. Кыз озу характери аябай жаман экен. Анан дагы ал турк кызга бир квартира, джип, особняк алып берген экен.
0
prenses
2016-08-17 21:21:33
Ooba taktap jazip koigulachi,Giza
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан