Рио-де-Жанейродо Олимпиада өтүп жаткан жерде камера кулап, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, анда көрүүчүлөрдүн үстүнө өйдө жакта турган телекамера кулаган. Анын кесепетинен 7 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Алардын бешөө жеңил жаракат алса, экөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөн. Белгилүү болгондой, кырсык болгон учурда баскетбол боюнча мелдеш өтүп жаткан.
Кырсыктын келип чыгуусуна камерага байланып турган эки кабелдин үзүлүп кеткени себеп болгон.