Чолпон-Атада катуу жааган жамгырдан улам 70тей турак жайды сел каптап, учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Чолпон-Ата шаарында кечээ жааган катуу жамгырдан улам 70тей турак жайды сел каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Жергиликтүү бийлик тараптан өз убагында арыктар казылган эмес. Андан сырткары селдин кесепеттерин жоюуга иретсиз курулган жеке эс алуучу жайлар жана коттедждер бир катар кыйынчылыктарды жаратууда. Мындан улам өзгөчө кырдаал катталып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, кечээ Чолпон-Ата шаарына өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана Мамлекеттик куткаруучуларды даярдоо борборунан 20 куткаруучу Чолпон-Ата шаарындагы селдин кесепеттерин жоюу үчүн жөнөп кеткен.

Айта кетсек, сел суулары бир катар турак үй, дүкөн, кафе жана “Рух-Ордо” маданий комплексин да каптаган.

Чолпон-Атада катуу жаан жаап, "Рух-Ордону" суу каптады
Чолпон-Атада катуу жаан жаап, "Рух-Ордону" суу каптады 2
Чолпон-Атада катуу жаан жаап, "Рух-Ордону" суу каптады 3
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Oylonkyrgyzym
2016-08-17 09:08:15
Бул Кудайдын эскертуусу. Гусл кылдырып коюптур да. Жарым жыланач болуп эркеги аялы аралаш журсо албетте суу каптайт да. Эми элдер ойлонуш керек да.
0
Aelit
2016-08-17 09:27:19
Ал жакта еврейлердин знактары бар.Ошол себептен да болушу мумкун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан