Бишкекте чет элдик ишкерди уурдап, андан акча талап кылууну көздөгөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кылмышка шектүү 1986-жылы туулган түрк жараны 14-август күнү Бишкектеги көчөлөрдүн биринде кармалган. Анын унаасы токтотулуп, кароо учурунда бычак, балта жана жип табылган. Ошондой эле унаанын ичинде 1985-жылы туулган түрк жараны да болгон. Аны үйүнүн жанынан күч менен унаага отургузуп, уурдап баратканы аныкталган.
Кылмышка шектүүнүн баштапкы планына ылайык, жүк ташуу менен алектенген ишкерди алгач Тажикстанга, андан соң Ооганстанга алып өтүп, анын өмүрү үчүн 200 миң доллардан 500 миң долларга чейин акча каражатын талап кылууну максат кылган. Бул факт боюнча “адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү түрк жараны 1986-жылы туулган С.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.