Орусияда кыргыз жараны “мамлекеттик чек араны 54 жолу мыйзамсыз кесип өткөн" деп айыпталып жатат. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка караганда, Орусиянын миграция кызматы 2017-жылдын 5-мартына чейин 28 жаштагы кыргыз жаранына өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Бирок ал ага карабастан, 2014-2015-жылдар аралыгында Орусиянын аймагына 50 жолу мыйзамсыз кирген. Мындан улам 2016-жылдын апрель айында ага кылмыш иши козголгон. Кийин аты-жөнүн өзгөртүп, жаңы паспорт менен Орусиянын аймагына 4 жолу мыйзамсыз киргени аныкталган.
Учурда кыргыз жаранына мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.