Кубакы ашуусунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 16-август күнү саат 17:15 чамасында Кочкор районунан чыгып келе жаткандагы Кубакы ашуусунда болгон. Анда Тойота үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен 1969-жылы туулган С.Б. (эркек киши) жана 1999-жылы туулган Т. кызы Ж. кырсык болгон жерден каза табышкан. Ал эми 2006-жылы туулган А.А. аттуу кыз оор абалда ооруканага жеткирилген.